
Ош шаардык кеңешине партиялардын талапкер катары көрсөткөн тизмесинен аялдар жапырт чыгып кетип жатканы боюнча маселе иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Боршайкомдун маалыматына караганда, мындай арыздар «Ата-Журт Кыргызстан» менен «Биздин Кыргызстан» партияларынан келип түшкөн. «Биздин Кыргызстан» партиясы 38 аял талапкерин чыгарды. Ал эми «Ата-Журт Кыргызстандан» чыгарылган 39 талапкердин 31 аял.
Аталган эки партиядан депутаттык мандат алган алты адам ыйгарым укуктарынан баш тартты, алардын бешөө аял. Баары тең мандатын тизмедеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин билдиришкен. «Биздин Кыргызстан» партиясынан аял депутаттардан Айпери Ашимжан кызы менен Айжан Манап кызы мандатын тапшырганын «Т-Медиага» өздүк булак билдирди.
БШК депутаттык мандаттан баш тартуу же тизмеден чыгуу тууралуу чечимдер Боршайком бекиткенден кийин гана анык деп эсептелерин эскертти. Азырынча Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын гана чечимдери бар, маселе териштирилүүдө.
Быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана кайра шайлоо 11-июлда өткөн.
Ош шаардык кеңешине төрт партия: «Ата-Журт Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», Улуттар Биримдиги», Бир Бол» утуп чыккан.
Оставьте первый комментарий