Демөөрчү тапсак жаңылайбыз. Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү «Т-Медианын» эскилиги жеткен ФАПтар боюнча материалына жооп берди

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, биздин редакция «Айылдагы медицинанын абалы» тууралуу жасаган жарандык көзөмөлгө жооп берди.  Ал облустагы эскилиги жеткен ФАПтарды оңдоо үчүн Эл аралык фонддорго кайрылуу болуп жатканын билдирген.  

Президенттин облустагы өкүлчүлүгү Араванда 11 жылдан бери ФАП жок жашап жаткан айыл боюнча маселеге да токтолду.

«Араванда Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Сарай айылындагы ФАП мурда союз убагында колхоздун талаа станы болуп иштеп жүргөн экен. Андан кийин оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп айылдык ФАП болуп берилген. Имараттын эскилиги жеткендигине байланыштуу ӨКМдин аны колдонууга болбойт деген корутундусу чыккан.  ӨКМ колдонууга болбойт деп өкүм чыгаргандан кийин, ал жерди оңдоп түзөөгө акча бөлгөнгө болбойт. Ал мыйзам бузуу болуп калат. Имаратты бузуп жаңысын салуу боюнча Райондук администрация, айыл өкмөт тарабынан эл аралык фонддорго, финансы инстуттарына кайрылуулар болуп жатат. Ошолордун биринде долбоор кабыл алынып калса, жаңы имарат курулуп пайдаланууга берилет»— дейт Данияр Жаныкулов.

Редакциянын материалында облустагы ФАПтардын абалы, анын ичинде Аравандын 1000ге жакын эл жашаган Сарай айылы 11 жылдан бери ФАП жок жашап жатканы көрсөтүлгөн. Тургундар дарыгерге көрүнүү үчүн кошуна айылдарга же район борборуна каттап келишкен. Имарат авариялык абалда болгондуктан 2010-жылдары жабылган.

Ошондой эле, Жаныкулов облус боюнча оңдоп түзөөгө муктаж 19, бузуп салуу керек болгон 12 ФАП бар экенин билдирди. Алардын бирин гана учурда жаңы салуу пландалып жатат. 

«Азыр Аравандын Маңгут айыл өкмөтүндөгү Жаңы-арык айылына жаңы ФАП салуу планда каралып жатат. Бул боюнча эл аралык фонддорго, атайын демөөрчүлөргө кайрылып, жер-жерлердеги ФАПтарды оңдоп, кайрадан салып берүү боюнча документтерди жөнөтүп жатабыз. Ошолордун андан сырткары бюджеттин колдоосу менен оңдоп түзөөдөн өтө турган жерлери бар. Бул боюнча иш аракеттер жүрүп жатат». — деди Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов.

Стандарт боюнча 3000 калктуу айыл жеринде ФАП бир тез жардам унаасы менен камсыздалат жана 3 фельдшер кызмат көрсөтүүсү керек.

Ош облусунда медициналык жайлардын дарыгерлер менен камсыз болуусу төмөн. Башкача айтканда 10 миң кишиге бир кызматкер туура келип 17 пайызды түзөт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*