
Ошто жеңил автоунаа Ички иштер министрлигинин автобусу менен кагышып үч киши каза болду. Бул тууралуу 28-августа Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ Ош-Ноокат жолунда жогорку ылдамдыкта келе жаткан «Матиз» үлгүсүндөгү автоунаа ИИМге караштуу автобусту сүзгөн.
«Жапалак айылынан чыга бериште, жол четинде батыштан чыгыш тарапты карап токтоп турган ИИМге караштуу атайын автобусун «Матиз» үлгүсүндөгү автоунаа карама-каршы тилкеге чыгып, жогорку ылдамдыкта келип сүзгөн. Натыйжада «Матиз» үлгүсүндөгү автоунаадгы 3 жаран каза болгон» — деп айтылат билдирүүдө.
Шаардык милиция окуя иликтенип жатканын кошумчалады.
Оставьте первый комментарий