Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Президент жарлыкка кол койду

Парламенттин кийинки чакырылыштагы депутаттарын шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Президент Садыр Жапаров 29-августта тиешелүү жарлыкка кол койду. 

11-апрелде референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Эл өкүлдөрүн шайлоо аралаш системасы менен өткөрүлүп, 54 депутат партиялык система боюнча бир шайлоо округунда,  36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система менен шайланат.

Жарлык бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирди.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*