Коомдон четтеткен колоңсо жана шыбоо. Денеден чыккан жагымсыз жыттан кантип арылса болот?

Күн жылый баштаганда, өзгөчө аптапта адам тердеп, жагымсыз жыттар пайда болот. Колтугу, буту тердегенде айрыкча ыңгайсыздык жаралат.

15 жаштагы Жасмина бир топ убакыттан бери колтуктан чыккан (колоңсо) жагымсыз жыттан улам кыйналып келет. Ал курбусунун кийимин кийип, колоңсо жугузуп алган. Өспүрүм кыз коомдон четтеп, өзүн оорулуу сезген убактары болгон.

“Буга чейин колоңсо эмне экенин билчү эмесмин. Азыр көп адам бар жерде жүрө албайм. Колумду өйдө көтөргүм келбейт. Коомдук транспортко да ысыкта чыга албайм. Колтугумдан чыккан жагымсыз жыттан уялам”,- дейт Жасмина.

Колтуктан, буттан чыккан жыт башкаларга да ыңгайсыздык жаратат.

“Жаз, жай айларында коомдук транстортто жүргѳндѳ биринин колтугу, экинчисинин буту жыттанып, дем алууга мүмкүн болбой калат. Жанынан өтүп баратсаң буркурап турса,чыдай албайсың. Айтайын дейсиң, бирок туура кабыл алабы деп ойлоносуң”,— дейт Ош шаарынын тургуну Каныкей Баракова.

 

 

Жагымсыз жыт эмнеден улам чыгат?

Колтуктун ашыкча тердөөсүнө колтуктагы майда бездер себеп. Күн ысыкта бездер катуу иштеп, суюктук чыгарат. Ага бактериялар кошулуп, жагымсыз жыт пайда болот. Тердин чыгышы нормалдуу көрүнүш. Бирок адам терчил болсо, бат-баттан жуунуп турушу керек.

Кантип арылса болот?

Денедеги жагымсыз жыттан арылуу үчүн эндокринолог, дерматолог жана косметологго кайрылса болот. Колоңсо түп-тамыры менен жоголбойт. Аны алдын алуу керек.

“Азыр жагымсыз жыт менен күрөшүүнүн түрдүү ыкмалары бар. Колтугу нормалдуу тердегендер дезодарант сыяктуу каражаттарды эле колдонсо болот. Алардын да бир топ убакытка чейин натыйжа бере турган түрлөрү бар. Сапаттуусун сатып алса, эл алдында ыңгайсыз болуп кысылбайт. Дагы бир жолу — ботокс, инъекция. Атайын препараттарды колтукка сайдырышат. Бул бир жылга чейин жытты жоготот”,- дейт врач-эндокринолог Самара Талипова.

Колтуктагы жагымсыз жыттан операция жолу менен да арылууга болот. Бирок бул убактылуу гана. Мындай жол 3 жылга чейин эле жагымсыз жытты жок кылат.

Адамдын организиминде 2 миллионго жакын тер бези бар. Алар күнүнө 600-900 грамм тер бөлүп чыгышат. Ашыкча тердөө “гипергидроз” деп аталат. Гипергидроздон косметологиялык процедуранын жардамы менен 6 айдан 1 жылга чейин арылууга болот.

 

“Бул процедура 1 жылда 1 гана жолу жасалат. Мында териге ийне саябыз. “Botox”, “Renotox”, “Innotox” деген каражатары болот. Мага көбүнчө бойго жетелек кыздар жана бойго жеткен эркектер кайрылат”, — дейт косметолог Анара Омарова.

 

 

Денедеги жыттан үй шартында арылса болот

Кадимки эле гигиеналык эрежелерди сактап, күн сайын жуунуп, денени таза кармоо зарыл.

“Балдарым бой жете баштаганда колоңсо, шыбоо деген жагымсыз жыттар пайда болду. Коңшу келин лимон менен соданы бирдей аралаштырып таза, кургак колтукка, бутка сүртүп туруңуз деди. Дарыканага барсам “Формидрон” деген суюктукту сунуш кылды. Бутту, колтукту таза жууп, кургатып, “Формидронду” кебезге сиңирип, колтукка, бутка сүртүп, жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууш керек экен. Жумасына бир жолу бул ыкманы тең колдонуп, балдарымдын маселеси чечилди”,- дейт Ош шаарынын тургуну Света Жусупбаева.

Күн сайын жуунуп турсаңыз жыттанбайсыз

Жагымсыз жыттан арылуу үчүн сөзсүз эле адиске кайрылуу шарт эмес. Күн сайын салкын сууга жуунуп туруу да жакшы натыйжа берет.

Бакыт бир жыл мурун денеден чыккан жагымсыз жытты кадимки көрүнүш деп эсептеген. Ал кѳпчүлүктүн алдында кемсинип калганда, оюн өзгөрткөн.

“Курстан кеч чыгып, акыркы маршруткага түшкөнмүн. Адам өтө көп. Тыгылып бара жатканда жанымдагы жигит “Фуу, ары турчу! Мынча сасыйсың!”,- деп катуу кыйкырды. Жүргүнчүнүн баары биз тарапка карады. Бетим кызарып, уялганымдан маршруткадан кайра түшүп кеттим. Ошол күндөн кийин күн сайын 2-3 жолу жууна баштадым. Бир кийген кийимди жууп кийип баштадым. Азыр мен мурдагыдай жыттанбайм жана өзүмдү ишенимдүү сезем”,- дейт Бакыт.

Ѳспүрүм кезде ѳзгѳчѳ таза жүр

Азиядагы илимпоздор тобу “Өспүрүм балдардын жана балакатка чейинки балдардын дене жытынын микробдук негизин түшүнүү” аталышындагы изилдөө жүргүзүшкөн. 5–9 жаш жана 15-18 жаш курактагы балдар катышып, жалпы 180 үлгүнү анализдеп чыгышкан. Бул үчүн алар колтуктан, моюндан жана баштан чыккан тердин үлгүлөрүн жуунгандан кийин бир сааттан соң, физикалык активдүүлүктөн кийин жана жети сааттан кийин кайра алышкан.

Бардык учурларда дененин жыты 5–9 жаштагыларга караганда, 15-18 жаштагы өспүрүмдөрдө, айрыкча колтукта көбүрөөк байкалган.

Физикалык көнүгүүлөрдөн кийин жаш балдардын тери кычкыл жыттанып, өспүрүмдөр көбүнчө суутек сульфидин жыттанышкан.

Дарыгерлердин айтымында, тамак-ашка пайдаланган айрым азык-түлүктѳр да денедеги жагымсыз жытка себеп болот. Мисалы, алкоголдук ичимдиктер, чийки пияз, сарымсак жана калемпир. Чылым чегүү да жыттын күчөшүнө алып келет. Денедеги жагымсыз жытты жок кылуу үчүн жашылча-жемиштерди көп жеш керек.

Антибактериалдык самын же гель колдонуу, синтетикалык эмес, жүндөн, пахтадан жасалган кийимдерди кийүү сунушталат.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Автор: Зыягүл Болот кызы

Автор Наргиза Анарбай кызы 1126 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*