
Саясий партиялар 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин Борбордук шайлоо комиссиясына 3-сентябрга чейин билдирүүсү керек.
Боршайком 29-августта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планын бекитти. Ага ылайык, шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар шайлоо күнү дайындалгандан кийин беш күн ичинде мыйзамда талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын жана маалыматын көрсөтүү менен БШКга шайлоого катышуу тууралуу билдирүү бериши керек.
Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.
Оставьте первый комментарий