
Кронавируска каршы республикалык штаб акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен төрт адам каза болгонун кабарлады.
Каза болгондордун жалпы саны 2528 адамга жетти.
Ошондой эле акыркы бир суткада өлкө боюнча 145 адамдан коронавирус табылды. Илдетти жуктургандардын жалпы саны 175 734гө жетти. Ал эми айыгып чыккандар 169 777.
Учурда стационарда 1071 жана амбулатордук түрдө 914 адам дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий