Beeline Кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, майрамдын урматына чет өлкөгө акысыз чалууларды жүргүзүүнү белек кылат

Мына минтип 23 жылдан бери  Beeline Кыргызстандын туруктуу жана ишенимдүү оператору болуп келе жатат. 

Компания дайыма коомдук долбоорлорго катышып келет, ошондуктан мына бүгүнкү эгемендүүлүк күнүнө карата дагы чет өлкөгө акысыз чалууларды өз кардарларына белек кылат.

Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Beeline өзүнүн кардарларына Россия жана Казакстанда жашаган жакындарына акысыз чалууга мүмкүндүк түзүп берип жатат. «Чет өлкөгө акысыз чалуу» акциясы Beeline байланыш түйүнүндө жеткиликтүү.

Beeline компаниясынын операторлорунун кодторун компаниянын сайтындагы «Чет өлкөгө чалуу» бөлүмүнөн билип алууга болот. Пакет күнүгө түнкү саат 00:00 мүнөттөн баштап иштеп саат 23:59 мүнөткө чейин иштейт.

Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн Beeline номерлерине чыгуу чалуулары бир сутка ичинде эсептелинет.

Акысыз чалууга жеткиликтүү болгон мүнөттүн калганын текшерүү үчүн эң жөнөкөй болгон төмөнкү сандарды терип чалуу кнопкасын басыңыз: *2021#.

Эске сала кетчү нерсе: Бир күндө колдонулбаган акысыз мүнөттөр кийинки күнгө колдонууга берилбейт.

Ал эми акысыз мүнөттөр пакети түгөнгөндө сиздин тарифтик пландарга ылайык келген чет өлкөгө чалуу акысы иштеп баштайт. «Чет өлкөгө акысыз чалуу күндөрү» акциясы 1-сентябрга чейин уланат.

Beeline Кыргызстандыктарды  өлкөнүн улуттук биримдикти символика катары туткан өлкөнүн маанилүү болгон майрамы-Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт. Биздин жаш өлкөгө өнүгүп өсүүнү, ал эми жарандарына ден-соолук, жетишкен жашоо жана тынчтык каалайбыз.

Сиздердин жана сиздердин жакындарыңыздарга камкордук көрсөтүү менен — Beeline!

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*