COVID 19: «Дельта» штаммына кайсы вакцина натыйжалуу?

Бир катар маалымат каражаттары коронавирустун «дельта» штаммына каршы «Спутник V» вакцинасы 83%га чейин эффективдүү деп табылганын жазып чыгышты. Анда Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун айтканы белгиленген.

Биздин редакция коронавирустун «дельта» штаммына кайсы вакцина натыйжалуу экенин изилдеп көрдү.

Вакцинанын эффективдүүлүгү боюнча изилдөө жыйынтыктары ар кандай.

Мисалы nature журналына жарыяланган изилдөөлөрдө окмуштуулар коронавирустун дельта вариантын эмдөөдөн өткөн адамдар оңой эле өткөрүп бериши мүмкүн дешет. Эки изилдөөдө Pfizer жана BioNTech препараттары “дельта” штаммына каршы күрөшүүдө 81 пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн.

Вакцина алган адамдар эмделбегендерге караганда вирусту үй -бүлө мүчөлөрүнө 78% аз жуктурушат.

The New England Journal of Medicine журналы COVID 19 илдетинин «дельта» штаммы боюнча адистердин акыркы изилдөөлөрүн жарыялаган. Анда адистер Pfizer же AstraZeneca вакцинасы «дельта» штаммынан коргонуунун жогорку деңгээлин камсыз кыла турганын аныктап чыгышкан.

Ал эми изилдөөлөрдө «Спутник» вакцинасы тууралуу маалыматтар жок. 

Ошентип, Pfizer жана BioNTech препараттары «дельта» штаммына менен каршы күрөшүүдө 81 пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн. Ал эми AstraZeneca вакцинасы изилдөөдө 67 пайыз эффектүүдүүлүгүн көрсөткөн. 

Коронавирустун «дельта» штаммы — мутация болгон түрлөрдүн бири. Алгач ал Индияда катталган. Адистердин айтымында, анын негизги өзгөчөлүгү — оорунун козгогучунун мурдагы түрлөрүнө караганда инкубациялык мезгилинин кыскалыгында. Мындан тышкары, ал бейтаптарда ашказан, ичеги-карындын иштешинин бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылып, тез жугат. Вирустун бул түрү 100дөй мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда да табылган.

24-май күнү, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус Индияда жаңы чыккан “Дельта” штаммы бүткүл дүйнөгө коркунуч алып келе турганын билдирген. Ал, Covid-19дун бул жаңы түрү өтө тездик менен мутацияланаарын жана коргонуунун эң эффективдүү жолу вакцинация экенин айткан.

Жыйынтык: Коронавирустун «дельта» штаммына Pfizer вакцинасы эң натыйжалуу.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*