Ошто эгемендүүлүк майрамы белгиленип жатат

Бүгүн, 31-августта Ош шаарында да эгемендүүлүктүн 30 жылдык майрамы белгиленип жатат. Майрамдык салтанатка карата борбордук аянтта иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган жетекчилер катышты.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган.

Өлкө тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ бул майрам эки күн: 30-31-августта белгиленет. Бул күндөр эс алуу күндөр болуп саналат.

Бүгүн өлкөнүн баардык айгамында эгемендиктин 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*