14 улут катышкан достук фестивалы, көрүүчүгө жык толгон аянт
Ошто эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы кантип белгиленди?
Бүгүн, 31 -август Кыргызстан СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон күн. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнө быйыл 30 жыл толду. Майрамдын урматына жети дубанда, анын ичинде Ош шаарында да салтанат уюштурулуп жатат. Экинчи борбордо мамлекеттүүлүк күнү кандай белгиленгени менен биздин сүрөттөрдөн таанышыңыз.
Ошто эгемендүүлүккө арналган салтанат шаардын борбордук аянтында уюштурулуп, алгач эле 14 улуттун өкүлдөрү даярдаган "Достук" фестивалы менен башталды. Анда ар бир улуттун каада-салты чагылдырылып, улуттук аспап, тамак-аштары көргөзмөгө коюлган. Ошондой эле ар бир өлкө өкүлдөрү өз маданиятын көрсөтүп ыр-бий тартуулашты.
Иш чарага премьер-министр Улукбек Марипов, калаа мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов баштаган эл өкүлдөрү келген. Майрамдоого чыккандардын арасында шаар тургандары жана чет элдик коноктор, достук мамиледеги шаарлардан келген делегаттар бар.
Андан соң саат 10:00дө аянтта майрамдык концерт башталды. Ага атайын жергиликтүү бийлик тарабынан чакырылган кыргыз эл артистери, эстрада жылдыздары катышты. Ошондой эле, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө байланышкан сахналык көрүнүштөр аткарылды.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш чаранын уландысы кечки саат 19:00до башталат. Анда гала-концерт уюштурулуп, фейрверк атылышы пландалган.