Баткенде чек арадан жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 31-августта Баткен районунун Ганжак аймагында чек арачылар «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү эки унааны токтотушкан.

«Унаалардын бири Тажикстандын мамлекеттик каттоо номерлери менен болгон. Чек ара кызматкерлери аларды текшерип,  3650 килограмм жүзүмдү табышкан. Эртеси, 1-сентябрда Баткен районунун Дахан аймагында чек арачылар Hyundai-Porter унаасын жана Кыргызстандын  үч жаранын кармашкан. Чек арачыларды көргөндө качууга аракет кылышкан. Чек арачы асманга эскертүүчү ок чыгарууга аргасыз болгон, андан кийин унаа токтогон. Алардын унаасында курулуш материалдары болгон», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган контрабандалык товарлардын баасы 660 миң сомдон ашык болгон.

Тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалгандар жана товарлар кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардарга өткөрүлүп берилген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айынын соңундагы куралдуу кагылыштан кийин жергиликтүүлөр Тажикстанга аткезчилик жүк ташууга каршы күрөшүүнү күчөтүү талабын коюшкан.  Жергиликтүү жаштардан ыктыярдуу топтор түзүлүп, чек арага жакын аймактарды көзөмөлдөө уюштурушкан.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышында 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*