
Токиодогу олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон балбан Акжол Махмудовго Ош шаарында эки бөлмөлүү батир жана 10 миң доллар берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн майрамдык иш чарада шаар мэри Алмаз Мамбетов менен президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов эки бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырган.
Андан сырткары Ош облусунун администрация жетекчиси спортчу Махмудовго мэрия менен администрациянын атынан 10 миң доллар берген.
Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков кеңештин атынан 100 миң сомдук сертификатты белек кылган.
Маалыматта Махмудовдун машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар берилгени айтылат.
Эске салсак, ушул жылдын 3-августунда Японияда өткөн Токио-2020 Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов күмүш медаль уткан.
Оставьте первый комментарий