Купуев академиясы 700 миң доллар өлчөмүндө каражат тартты

Купуев академиясы Кыргызстандагы эл аралык институционалдык инвесторлордон каражат тарткан Кыргызстандагы алгачкы жеке мектеп болду. Ош шаарында жайгашкан академия прогрессивдүү менчик мектеп AV Frontiers (Бишкек, Кыргызстан) жана AV Ventures (Вашингтон, АКШ) инвестициялык компанияларынан 700 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат тартты. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Купуев Академиянын жалпы каржылоо көлөмү ушу тапта 2,8 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 1,5 миллиону институционалдык инвесторлордон тартылган. Эми AV Ventures’тан тартылган каражат академиянын экинчи кампусун курууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы имарат 600 окуучуга ылайыкташып, ачылышы 2022-жылдын соңуна пландалууда.

Купуев – бул Ошто жайгашкан прогрессивдүү жеке мектеп. Аны бир туугандар Аселия жана Мирсаид Купуевдер негиздеген. Алар америкалык топ университеттерде билим алып, көп убакыт бою чет өлкөдө иштеп тажрыйба жана каражат топтошкон. Максаты Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын арттыруу. 

Мектептин кош негиздөөчүсү жана башкаруучу директору Аселия Купуева эл аралык карьерасын таштап, топтогон билим жана тажрыйбасын Кыргызстандын өнүгүүсүнө жумшоо максаты менен кайтып келген.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*