
«Ош-Тазалык» ишканасына Нурбек Исмаилов кайрадан жетекчи болуп дайындалды. Маалыматты «Т-Медиага» мекеменин басма сөз катчысы Динара Касымова тастыктады.
«Мэрдин буйругу 27-августта чыкты. Нурбек Исмаилов кайрадан кызматка келгенине байланыштуу депутаттык мандатын тапшырып берди», -деди Касымова.
Исмаиловдун өзү менен байланышканыбызда, кызматка кайтышына бир нече себептер болгонун билдирди.
«Бүтпөгөн долбоорлор бар болчу. Сунушту өзүм да бердим (ред- жетекчилик кызматка кайтуу). Ишкананын кызматкерлери да «Кайра келиңиз, жумуштарды аягына чейин бүтүрүп койсоңуз жакшы болмок» деп суранышты. Таштанды полигонун жаңылоо боюнча долбоор жазганбыз да. Командадагы балдар «Ошону жыйынтыктап коёлу» дешти. Анын үстүнө автогаражды да оңдоп-түзөөдөн өткөрмөк болгонбуз».
Исмаиловдун депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арызы 27-августта келип түшкөнүн «Т-Медиага» Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.
«Арызды Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттүк. Бүгүнкү отурумунда ушул маселе каралып, чечим чыгат».
«Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов 30-июлда кызматын тапшырган. Мунун себебин ал Ош шаардык кеңешке депутат болуп келгендиги менен түшүндүргөн. Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен мандат алды.
Исмаилов бул ишканага 2018-жылы жетекчи болуп дайындалган.
Оставьте первый комментарий