Эң көп Өзбекстан жана Индиядан келет. Кыргызстанда окуган чет өлкөлүк студенттердин саны

Сүрөт: ОшМУ/ Жолдош Шермаматов

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чет өлкөдөн келип окуган студенттердин саны жыл сайын өсүп жатат. Өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнөн эң көп Өзбекстандан 37 571 студент келген. Ал эми, көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирбеген мамлекеттердин ичинен Индиядан келген студенттердин саны алдыда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Өзбекстандан келген студенттердин саны 2019-жылы 15 миңге жетип, кескин көбөйгөн. 2018-жылга чейин кошуна өлкөдөн болгону 2 миңдин тегерегинде студент келчү. Ал эми, Армения, Беларусия мамлекеттеринен келип окугандар дээрлик жокко эсе.

КМШ өлкөлөрүнөн тышкаркы мамлекеттерден 2020-жылы 19 529 студент келген. Алардын 12 миңден ашыгы Индия студенттери.

Ошондой эле, Пакистандан келген студенттердин саны жыл сайын көбөйүп жатат. Чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга эң аз студент Непал, Грузия, Иран мамлекеттеринен келет.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*