
Ош шаардык кеңешинин депутаттары Нурбек Исмаилов, Дөөлөтбек Көкөчөров жана Бекмурза Эргешов өз калоолору менен депутаттык мандаттарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда «Т-Медиага» Ош аймактык комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.
Алар арызды 27-августта жазган. Анткени Исмаилов «Ош-Тазалыкка», Көкөчөров «Ошшаарсууканалга», Эргешов «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына кайра жетекчи болуп келишти. Исмаилов мандатын бир эле учурда депутат болуп, муниципалдык кызматта иштей албагандыктан тапшырганын билдирди. Ошондой эле «Ош-Тазалыкта» бүтүрө турган долбоорлору бар экенин айтат.
«Бүтпөгөн долбоорлор бар болчу. Сунушту өзүм да бердим (ред- жетекчилик кызматка кайтуу). Ишкананын кызматкерлери да «Кайра келиңиз, жумуштарды аягына чейин бүтүрүп койсоңуз жакшы болмок» деп суранышты. Таштанды полигонун жаңылоо боюнча долбоор жазганбыз да. Командадагы балдар «Ошону жыйынтыктап коёлу» дешти. Анын үстүнө автогаражды да оңдоп-түзөөдөн өткөрмөк болгонбуз», — деди Исмаилов.
Ал эми «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына кайра жетекчи болуп келген Бекмурза Эргешов менен байланышканыбызда, бир эле учурда депутат да, жетекчи да болууга мыйзам жол бербешин билген эмес.
«Депутаттыкты же кызматты тандаш керек болду да. Анан мен ушул кадамга бардым. Мурда жетекчи адам депутаттык мандат алчу да. Биз ошондой көрүпбүз. Азыр эми мыйзам жол бербешин АШК да эскертип койбоптур. Бул ишканага келгениме бир жыл толо элек эле. Иштеп өзүбүздү көрсөтөлү», — дейт Эргешов.
Дөөлөтбек Көкөчөров менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Исмаилов, Көкөчөров жана Эргешов Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышкан. Мандат алганга чейин алар жогорудагы ишканаларды жетектешчү.
Исмаилов менен Эргешов депутаттык мандатын тапшырган күнү эле кайрадан жетекчи болуп дайындалганы белгилүү болду. Ал эми Көкөчөров 30-июлда «Ошшаарсууканалдын» башкы инженери болуп дайындалган.
2013-жылы өзгөртүү киргизилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу» жөнүндө мыйзамдын 5-беренесине ылайык, шаардык кеңешке отчет берген муниципалдык кызматтардын жетекчилиги жергликтүү кеңешке депутат боло албайт.
Эске салсак: быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана кайра шайлоо 11-июлда өткөн. Ош шаардык кеңешине төрт партия: «Ата-Журт Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги», «Бир Бол» утуп чыккан.
Оставьте первый комментарий