
Ошто өзүн «Алтын-Темир» ЖЧКсынын жетекчисимин деп тааныштырып, жарандардан ири суммада акча алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну болгон. Ал Ош шаарында пайызы менен кайтарып берүүнү убадалап бир жарандан 30 миӊ, экинчисинен 39 миӊ доллар алып качып кеткен.
«Андан сырткары жакындарынан дагы ушундай алдоо жолу менен көп суммада акча алгандыгы аныкталып жатат. Ал жакындары арыз жазуудан баш тартышты. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү алынган акчаларды «Кыргыз-Каганат» аттуу ишканага жана конкреттүү бир адамдын атына которгондугун билдирген. Текшерүү учурунда аталган ишкана жана аты аталган адам таптакыр болбогондугу аныкталды»— деп айтылат билдирүүдө.
Учурда шектүү жалган көрсөтмө бергендиги үчүн да кошумча иликтөө жүргүзүлүп жатат. Ал эми ал өзүн жетекчиси катары тааныштырган коом жок болуп чыкты. Аталган факт шектүү боюнча 28-августта бир айга абакка киргизилген.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул аялдан жабыркагандар болсо: 0552-15-25-42, 03222-6-64-04 номерлерине кайрылууну суранган.
Оставьте первый комментарий