Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп Азиз Аалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 6-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койду.

Азиз Аалиев 49 жашта. 2020-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Бирок ушул жылдын май айында иштен кетип, анын ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков келген. Ага чейин Алиев фонддун башкармалыгынын мүчөсү, өкмөттүн финансы жана насыя саясаты бөлүмүн башкарган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо