Оштогу мейиткана капиталдык оңдоого муктаж. Сүрөт баян

Күндүн ысыктыгына байланыштуу Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросундагы сөөктөр жыттанып кетүүдө. Анткени мейитканадагы муздаткычтар жарактан чыгып, иштебей калган. 

Кызматкерлердин айтымында, мейиткана 3-4 эле орунга ылайыкташып, изилдөө жүргүзө турган бир эле столу бар. Мындан сырткары муздаткыч камерасы үч эле өлүккө ылайыкташкан. Бирок ал дагы учурда иштебей калган.

«Жыл сайын СЭС келип иштегенге жараксыз деп айып пул салып кетет. Чындап эле иштегенге такыр мүмкүнчүлүк калбады. 2013-жылдан бери ремонт боло элек. Суу ашып, кафелдер түшүп калган. Жыл сайын тиешелүү кызматтарга кайрылып, кат жазып келе жатабыз. Жыйынтык жок»,- деди аталган бюронун бөлүм башчысы Арап Кожоев.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджет жана саясат башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаевдин айтымында, Оштогу мейиткананы капиталдык ремонттон өткөрүүгө бюджеттен акча каралган эмес. Бирок донорлордун жардамы менен көйгөй чечиле турганын билдирди.

«Министрликте азыр медициналык жабдыктарды алуу боюнча маселе каралган эмес. Акчанын баары айлыкка кетип жатат. Быйылгыга акча каралган эмес. Бирок көйгөйдү чечүү маселелсин караштырып жатабыз. Аракет кылып жатабыз чечилип калат»,- деди Баймурзаев.

Эске салсак, өткөн жылы өлкөдө эпидемиологиялык абал күчөп турган убакта да аталган жайдын кызматкерлери көйгөйлөрүн айтып чыгышкан. Алар коронавирустан Ошто күнүнө  5-6 кишинин сөөгү келип жатканын аларды кабыл алууга өлүккана даяр эмес экенин билдиришкен болчу.

COVID 19: Оштогу өлүккана капиталдык оңдоого муктаж

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо