УКМК: Ошто баңгизат сатуучу топ аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош шаары жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн топ аныкталганын кабарлады. 

Атайын кызматтын маалыматында, 4-сентябрда Кара-Суу районунун Нариман айылынан бир килограмм өлчөмүндөгү баңгизатты сатууну көздөгөн Ю.Б.У аттуу жаран кармалганы айтылат.

Шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда мындан башка да фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралары жүрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо