
Бишкек шаарында патрулдук милициянын А.А.К аттуу кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү таанышы менен жең учунан сүйлөшүүгө барган. Ал Бишкек шаарынын тургуну С.К.Б аттуу жаранды зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартам деп, коркутуп 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Бирок укук коргоо органдары борбордун бул тургунуна карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес.
Кармалган кызматкерге карата пара талап кылуу фактысы менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ал учурда УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Оставьте первый комментарий