Сааттап кезек күткөндөр, күбөлүктүн баасын билбегендер. Мамкаттоого жүргүзүлгөн жарандык көзөмөл

Август айында Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик каттоодо берилүүчү күбөлүктөрдүн баасын жарыялаган. Мекеме бул аракет коррупцияны жоюп, ачык-айкын иштөөгө мүмкүндү түзөт деп билдирген. Мындан улам биз туулгандыгы, өлгөндүгү, никелешүү, аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү жарандар кандай баа менен алып келгенине жарандык көзөмөл жүргүздүк.

Атын атагысы келбеген жаш келин «Т-Медиага» мамлекеттик каттоодо берилүүчү күбөлүктөрдү бир топ кымбат алып жүргөнүн билдирди. Ал документтин өз баасын өкмөт жарыялангандан кийин гана билген.

«Никелешүү тууралуу күбөлүк алыш үчүн арыз жазганбыз. Бир айдан кийин келишибизби айтышты. Барсак кассага акча төлөгүлө деди. Бирок, эмнегедир бизден 200-300дөн ашык акча алган. А балабызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганыбызда кассага төлөгүлө деген эмес. Алар өзүңүздүн көңүлүңүздөн чыгарып деп акча сурашкан. 200дөй бергенбиз»

Бул сыяктуу өлкөдө күбөлүктөрдүн баасын билбегендер бир топ. Бирок жарандар аны канчадан алып жатканын ачык айтып берүүдөн баш тартышат. Мындан улам, биздин телетоп күбөлүк кандай жол менен берилип жатканын билүү үчүн Ош шаарындагы Бакыт үйүнө барып көргөн. Ал жерде алгач эле туулгандыгы тууралуу күбөлүккө 260 сом төлө деди деп, бирок эч кандай чеги жок чыгып келе жаткан жаранды жолуктурду.

«Кассага 260 сом төлөнөт экен. Азыр төлөй элекмин. Жаңы эле алып чыктым, 260 сом төлөйсүң деди. Бирок эч кандай чек берген жок» — дейт баласына жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган жаран.

Негизи мындай документке 54 сом төлөнүшү керек. Ал эми, күбөлүк алган ата-энеге кассага барганга чейин код жазылган чек берилиши керек болчу. Анын наркы тууралуу айтканыбызда, күбөлүк берген кызматкер кассага 60 гана сом төлөөнү айтканын, жаран аны туура эмес түшүнүп алганын билдирип чыкты.

Эреже боюнча жарандарга берилчү ар бир документтин тизмеси кассага илинип, жанына баасы көрсөтүлүшү керек. Бирок мекемеде биздин телетоп ал кагазды да көрө алган жок.

Күбөлүк канча сомго алынат?

Күбөлүк алууда жарандар анын бланктары үчүн гана акча төлөшөт. Ал эми, каттоо акысыз жүргүзүлөт.

Ошондой эле, быйыл жаңы төрөлгөн баланын күбөлүгүн салтанаттуу түрдө каттоо кызматы кайра жандандырылды. Мындай каттоо банктык кызматтарды кошкондо:

  • Бишкек шаарынын Бакыт өргөөсүндө — 1797 сом;
  • Ош шаарында — 822 сом;
  • Бишкек жана Ош шаарларында ЖААК бөлүмүнүн имаратынан тышкары — 4038 сом;
  • Райондук ЖААК бөлүмдөрүндө — 358 сом;
  • Аймактарда ЖААК бөлүмүмүнүн имаратынан тышкары — 826 сом болот.

Өлкөдө мамлекеттик каттоодо берилүүчү күбөлүктөрдү алуу үчүн сааттап кезек күткөндөр, кайсы документке канча сом төлөнөөрүн дээрлик билишпейт. Алар акчасына кайыл болушуп, тейлөөнүн сапатын жакшыртса дешет.

«Эртеден кечке кезек күтөбүз. Кабинетке кирсең адисти таба албайсың. Кээ бири тааныш-билиштик менен эле иш кылып жатышат. Мен эки сааттан бери кезек күтүп жатам. Алдымда эки адам бар эле. Ар бирин бир сааттан тейлешет. Же кайсы адиске кайрылышты билбейбиз. Бир туруп жарык өчүп калат. Эптеп кезегибиз жетип кирсек, мен карабайм башкага бар дешет» — дейт кезек күтүп жаткан жарандардын бири.

Ар кандай күбөлүктөрдү алуу үчүн бул мекемеге күн сайын 300 дөй жаран келет. Бирок аларды азыр 3 гана кызматкер тейлеп жатат.

«Бизге Ош шаарынын гана эмес, облус аймактарынан дагы жарандар келет. Азыр абдан көп кайрылып жатышат. Бир жаран кирсе, анын беш баласы болсо ар бирине күбөлүк кылганга чейин бир саат убакыт кетет. Негизи жаңы төрөлгөн балага документ кылганы келгендерди 4 мүнөттө эле тейлеп бүтөбүз. Кээде архивди караш керек болуп калып, убакыт көп кетет» — дейт Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу бөлүмүнүн адиси Элдира Каримова.

Кара-Суу районунда абал кандай?

Ош шаарындагы Бакыт үйүнөн чыгып, эң чоң райондордун бири Кара-Сууунун мамлекеттин каттоо кызматынан кабар алып көрдүк. Мында да жарандар сааттап кезек күтүп турат. Ал эми бааны документ тапшырып жаткан убакта гана угушпаса, көпчүлүгүнүн кабары жок.

Санариптик өнүктүрүү министирлиги кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы бир гана банктардын кассаларында жүргүзүлөрүн эскерткен. Кызматкердин кассага код бербей туруп акча төк дегенге же кассага барбай эле акчасын ага төлөөнү сунуштоого акысы жок.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1440 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*