Соңку суткада өлкөдө коронавирустун 100 жаңы учуру катталды

 7-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетин 100 киши жуктуруп алды. Вирустан 3 бейтап каза болду. Ошол эле учурда 121 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын кыркы Бишкек шаарынан, 26сы Чүйдөн, үчөө Ош облусунан, үчөө Таластан, экөө Нарындан, он тогузу Ыссык-Көлдөн, үчөө Жалал-Абаддан, төртөө Баткенден аныкталган.

Пандемия башталгандан бери жалпы илдет жуктургандардын саны 176 682ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 170 745. Каза болгондор 2557.

Ушул тапта ооруканада 788 жана амбулатордук түрдө 1139 адам дарыланып жатат.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*