Иликтөө: Ош мэриясынын дос-тууганды байыткан миллиондору

Сиз мамлекетке салык иретинде төгүп жаткан каражаттар чынында сиздин кызыкчылыкка иштеп жатабы же бийликте отургандарды жана алардын дос-туугандарын байытуудабы? TMG телеканалы менен «Али Токтакунов МедиаХабы» кезектеги биргелешкен иликтөөсүн жарыялады. Анда Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгындагы (УКС) ыктымал коррупция тууралуу сөз болот.

Капиталдык курулуш башкармалыгы — Ош шаарындагы бирден-бир бай мекеме. Чоң жолдорду эсепке албаганда шаардын мамлекетке караштуу инфраструктурасынын баары ушул башкармалыктын колунда. Мэриянын имаратынан тартып мектептин ажаатканасына чейин карайт. Канализация, суу түтүктөрү, бала бакча, мектептерди оңдойт же курат.

Мекемени Шүкүрали Мадаминов 2016-жылдын июнунан бери башкарып келатат. Ошол акыркы беш жылда эле 300дөн ашуун тендер өткөрүп, 1 миллиард 143 миллион сомду тейлеген. Кеп мына ошол сумманын канчасы кол ийрисине тартат принциби менен иштетилип кеткенинде болууда. Бул иликтөөнү баштоого бир активисттин  төмөндөгү видеосу себеп болду. 

Видеодогу бул жол шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Алдынан өткөн канализация түтүгүнүн 900 метрин оңдотуу үчүн 2020-жылдын мартында тендер өткөрүлөт. Тендер башынан эле «тең бөл» принцибинде өткөнүн көрүүгө болот. Себеби, ага катышкан үч фирманын экөө бири-бирине байланышы бар. Тактап айтканда, атаандаш деп көрсөтүлгөн «Модерн групп» компаниясынын негиздөөчүсү Туратов Уларбек Кубанычбекович менен «Маклер-Фетванын» негиздөөчүсү Туратова Жылдыз Кубанычбековна бир туугандар. Атүгүл Уларбек Туратов «Маклер-Фетванын» Бишкектеги филиалын башкарат. «Демек, бул жерде тендердин жыйынтыгы алдын-ала сүйлөшүлүп, жасалма атаандаштык түзүлгөнбү? А эмнеге мындай болушу мүмкүн?» деген суроо жаралат. 

Суроону кубалап биз жеңүүчү «Маклер-Фетва» компаниясын изилдей баштадык. Анын ээси катары Жылдыз Туратова көрсөтүлгөнү менен фирманы иш жүзүндө анын күйөөсү Мамасадык Балтаев башкарат. Мисалы, «Маклер-Фетва» фирмасыныкы деп көрсөтүлгөн телефон номерин «Гетконтакт» тиркемесине салып көргөнүбүздө да жалаң Балтаевдин аты-жөнү чыкты.

Ал эми Мамасадык Балтаевдин апасы Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шүкүрали Мадаминовдун бир тууган эжеси. Мадаминов Балтаев жээни экенин танбай турганын айтты:

«Өзү «Маклер-Фетваны» бүтүр деп алып келсе кичинекей иштери калып кетиптир. Ошолорду жакынкы күндөрү бүткөрүп тапшырабыз. Тендерге кимдер катышып жатканын чындыгында билбейбиз деле да. Элүүдөй адам катышат. Жээними азыр бир да тендерлерге катыштырбай койгом».  

Ошентип, Мадаминов башкарган мекеменин тендерин анын жээни утуп отурат. Бирок талап боюнча эки айда бүткөрүлүшү керек болгон иш алигиче аягына чыга элек. Жээндин фирмасы бул тилке үчүн жалпы 10 миллион сомду ажыратып алган.

Көрсө Мамасадык Балтаев чиновник таякесинин  ыраатын аябай эле көргөн экен. Шүкүрали Мадаминов башкарган беш жылда «Маклер-Фетва» жылпы 32 миллион сомдук 9 тендерди утуптур. 

Долбоор АО — 1

Өз көмөчүнө күл тартуу муну менен эле бүтпөйт. Шүкүрали Мадаминов Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына 2016-жылдын 15-июнунда дайындалган. А эртеси эле, 16-июнда Мадаминовго таандык болгон, уулу башкарган жеке менчик “Долбоор” ачык акционердик коому Курулуш башкармалыгынын 70 миң сомдук тендерин уткан.

Ал эми эки апта өтпөй «Долбоор» ачык акционердик коому дагы 140 миң сомдук тендерди утат. Экөө тең түз келишим аркылуу ишке ашкан. Мадаминов бул тендерлер мен жумушка орношкуча уюштурулган экен деши мүмкүн. Бирок жеңүүчү ал жетекчи болгондон кийин аныкталып жатпайбы. Кандай болгон күндө да бул көрүнүш Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына каршы келет. Жалпак тил менен айтканда чиновник оң чөнтөгүндөгү элдин акчасын сол чөнтөгүндөгү өзүнүн ишканасына которуусуна жол берилбейт. 

«Тогуз-Булак»

Кызыкчылыктар кагылышы муну менен эле бүтпөйт. Оштогу кабат үйлөрдүн биринин алдындагы балдар ойноочу аянтчаны «Тогуз-Булак» аттуу фирма салган. Ал үчүн 2020-жылдын август айында жарым миллион сомдук тендер уткан. Бул фирманын ээлеринин арасында Мадаминовдун аялы менен агасы бар болчу.  

«Агам ал фирмадан кетип, жаап салган. Балким сатып ийип башка фирма алгандыр. Ал фирманын жабылганына (ред- «Тогуз-Булак») 15 жылдай болуп калды. Журналист: Сатып алуулар паорталын карасак «Тогуз-Булак» сиздин уулуңуз Мухаммедалинин атында турат? … Мухаммедали.. билбейм. А мезгилде сатканда бири-бирине сатып, Мухаммедали аркылуу сатса керек«, -дейт Шүкүрали Мадаминов.

Мадаминов жоопту канчалык айландырып, «15 жылдан бери ал фирмада жытыбыз жок» дегени менен «Тогуз-Булак» 2021-жылдын 22-июнунда гана кайра катталып, башка кишиге өткөнүн көрүүгө болот. Ага чейинки ээлеринин арасында агасы Мадаминов Куватбек Астанович менен аялы Мадаминова Бактыгүл Аттокуровнанын аты жөнү бадырайып жазылып турат. А түгүл Мамлекеттик сатып алуулар сайтында фирманын жетекчиси деп уулу Астанов Мухаммедали Шүкүралиевич көрсөтүлгөн. 

Айтмакчы, “Тогуз-Булак” деген аталыш бекеринен эмес. Мадаминов Өзгөн районундагы Тогуз-Булак айылында туулуп өскөн. Айылдын азыркы аты Кызыл-Октябрь. Жакын туугандар маселесин бүтүрүп эми айылдаш досторго өтөбүз.

«Мерудан», «Мираж-Профи» жана «Жакып-Ата»

Ош шаарында тротуар маселеси өтө курч. Кээ бир жеринде талкаланып тамтыгы чыкса, шаардын борборундагы эле айрым жерлерде тротуардын аты-жыты да жок. Кыйма-чийме кыймыл арасында эл машинелер менен жол талашууга аргасыз. Бул көйгөйдү активисттер, журналисттер айта берип чарчашты. 

А бирок Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардын ортосуна эмес, салыштырмалуу эли аз чет жагына тротуар курууну чечкен. Мисалы, Оштун четиндеги Озгур айылына бараткан жолдун эки жагынын бир топ бөлүгү талаа. Мына ушул жерге үч чакырымдык эки жактуу тротуар салынган. Сүрөттө көргөндөй, тротуардын бир топ бөлүгү таштандыга же отоо чөпкө көмүлүп, кээ бир жерине адам баспаганын далилдегенсип чөп өсүп кеткен. 

Бул обьектти бүтүрүү үчүн 2017-жылы октябрда өткөрүлгөн тендерди «Жакып-Ата» аттуу фирма утат. 7,7 миллион сомго бааланган иш 45 күндө бүтүшү керек болчу. Бирок бүтпөй, 2018-жылдын июлунда дагы 2 миллиондой сом бөлүнөт. Тротуар ыры аны менен эле токтобойт. 2019-жылдын аягында дагы 1,5 миллион сом алып анан «Жакып-Ата» ишти бүткөрөт. Ошентип, үч чакырым тротуарды эки жылдан ашуун салган фирма жалпы 11 миллион сомдон ашуун акчаны алып кетип атат. 

Мына ушул жерден Ош шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгынын тендерлериндеги бир «кыйтыр» схеманы айкын байкоого болот. «Жакып-Ата» фирмасы алгач тендер өткөрүлгөндө эң аз сумманы сунуштайт. Бирок ишти убагында бүтүрбөй чоюп, улам-улам акча бөлдүрүп отуруп аягында эң көп каражатты сарп кылып атпайбы. 

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын эң ири өнөктөшү болгон «Мерудан», «Мираж-Профи» жана «Жакып-Ата» аттуу үч фирма бар. Бири бирине жакын байланышы бар бул ишканалар Мадаминовдун тушунда 250 миллион сомдук тендерлерди утушкан. «Мираж-Профинин» ээлери Абдулазиз уулу Жармухаммад менен Абдыкаров Чингиз Мийзамидинович.    

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында Абдыкаров Чингиз Мийзамидинович «Жакып-Атанын» директору катары көрсөтүлгөн. Андан тышкары ал «Мерудандын» бухгалтери. «Мерудан» менен «Мираж Профинин» мурдагы ээси Мадумаров Абдулазиз Кимсанбаевич аттуу адам. Абдулазиз уулу — Жармухаммаддын атасы. Саясатчы Адахан Мадумаровдун бир тууган агасы. Ал эми Шүкүрали Мадаминовдун айылдашы жана аяш акеси.  

«Абдулазизби? Абдулазиз менин аяш акем да. Бир айылдан болсок аяш акем болот да. Тууганбыз да. Аяш акам болот. Азыр айттым го, Адахан Кимсанбаевич кандай болсо да тана албайм, жакын тууганым, жакын досум десем да болот. А балдары эми Мерудан деп катышса.. Алар эми мындай да, айылдаш, көңүлдөш адамбыз да. Эми сенин жердешиң, бир айыл болсо бербей койбойсуң да, катыша берет да», —дейт Шүкүрали Мадаминов.  

Оштун Курулуш башкармалыгын жетектеген Шукурали Мадаминов  2015-жылы Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан. Ошол эле учурда калыстык үчүн айта кетели,  Мадумаров он жылдан ашык убакыттан бери бийликте эмес. Мадаминов болсо «Бүтүн Кыргызстан» утулуп калгандан кийин саясатты таштап мамлекеттик кызматка өтүп кеткенин айтат. Андан аз өтпөй уулу Акматали Мадаминов саясатка аралашкан. 2016-жылы ошо кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин  КСДП партиясы менен Ош шаардык кеңешине депутаттыкка шайланган. 

Бир дарекке үйүлгөн ишканалар

Ош шаарынын борборундагы беш кабат имарат, тагыраагы «Долбоордун» имаратынын алды башкалардан айырмаланбайт. Эскилиги жеткен көп курулманын бири да дегенсип, көпчүлүк кайдыгер гана жанынан өтөт. Бирок жеке менчикке өтүп кеткен бул имаратта мамлекеттин колунан чыккан жүздөгөн миллиондор айланып турат. Кеп мына ошол эбегейсиз акча кандайча ушул бурчка агып келип атканында. 

Тактап айтканда, Мадаминовдун тендерин уткан фирмалардын 19у (“Эр Жанар”, “АзИс строй”, “Маклер-Фетва”, “Арх-Аалам”, “Сантехмонтаж”, “Бай Строй”, “Аск Система”, “ГорСтройЛидер”, “Нур Лайн”, “Варис Сити”, “УМСУН-ПРОЕКТ”, “Архитект-Про”, “Метод Актива”, “Алвига”, “Жакып-Ата”, “Мираж Профи”, “Тогуз Булак”, “Долбоор”) бир даректе. Же Оштун Ленин көчөсүндөгү 287-даректе жайгашкан. 

Бул даректеги имарат “Долбоор” ачык акционердик коомуна таандык болгон. Ал эми “Долбоор” Мадаминовдордун үй-бүлөлүк бизнеси, азыр аны Мадаминовдун баласы башкарат. Мадаминов «имараттын бир бөлүгүн алып калып, калганын башкаларга сатып ийгем» дейт. Анткен менен алар да жөн адамдар эмес. Бир бөлүгүнө Жогорку Кеңеш депутаты Улан Примовдун атасы, дагы бир бөлүгүнө Ош шаардык кеңешинин спикери Салман Назылбековдун аялы ээлик кылат.   

Имараттын арт жагында “АРТ Отель” аттуу мейманкана жайгашкан. Интернетке чыгарылган сүрөттөрдө мейманкананын ичи кеңири көрсөтүлгөн. “Арт Отель” Мадаминовдун жубайы Бактыгүл Мадаминова ээлик кылган имаратта турат. Анын жанындагы дагы бир кеңсенин жарымынын ээси “Долбоор” ачык акционердик коому. Бул жерде Оштогу тейлөөсү кымбат мончо жайгашкан, подвалында Мадаминовдун уулуна таандык спорт клуб бар.  

Иликтөөбүздү жыйынтыктар алдында айта кетели.  Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шүкүрали Мадаминов бүтүндөй өлкө түгүл Ош шаарындагы элге деле кеңири белгилүү эмес. Ошентсе да Ош шаарынын эң таасирдүү, акчалуу мекемесин узактан бери башкарып келатканын эске алсак  Мадаминовдун бийлиги Жогорку Кеңештин депутатыныкынан кем эмес экенин баамдоого болот. 

Ал иштеп турганда 300 ашуун тендер өткөргөн. Анын кеминде 100 тендерин Мадаминовго байланышы бар фирмалар уткан. Булардын жалпы суммасы 340 миллион сомду түзөт. Бул биз байланышын таап чыккандары гана.  Аттарын ачык айтуубузду каалабаган эки башка маалымат булагыбыз Шүкүрали Мадаминов дээрлик ар бир тендерде уткан сумманын 10% алып турат деп ырасташат. Бул суроону өзүнө берип, бирок таккесе жооп алалбадык.  

Журналист: бизге кеминде эки адам, бири колуңузда иштеп кеткен кызматкериңиз, дагы бири сиздин тендерди уткан компаниянын жетекчиси ар бир тендерден 10% алат деп айтты ?  

Мадаминов: бул мен эмес башынан айтыла берет. Ким иштесе ушинтип айтыла берет. Мен кеткенден кийин дагы бирөөнү айта беришет. Мына Жантөрө Сатыбалдиевичти деле ушинтип айтып атпайбы. Эми ар кимиси айта берет.    

Ош шаары чоң деле эмес, ким кимге дос, кимге тууган экенин бул жердегилер жакшы билишет. Капиталдык курулуш башкармалыгынын миллиондору кайда агып атканын Оштун ошо кездеги мэри Таалайбек Сарыбашов билбей калышы мүмкүн эмес болчу. Бирок Мадаминовдун кылы да кыйшайган эмес. А түгүл   2020-жылы Капиталдык курулуш башекармалыгы «Жылдын мыкты мекемеси» аталып, Мадаминов Сарыбашовдон мактоо баракчасын алган.  

TMG телеканалы ыктымал коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөнү уланта берет. Биздин журналисттер Кыргызстандын башка аймактарында да өткөрүлгөн ондогон тендерлерди, ачык булактар аркылуу табылган маалыматарды анализдөөдө. Аларды мындан ары тынбай жарыялап турабыз. Сиз да бизге көмөк көрсөтүңүз.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо