
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-сентябрда Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолукту.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташыкты, кыргыз-түрк ооруканасын башкаруу боюнча маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары Ахмет Садык Түркия Кыргызстанга COVID-19га каршы 150 миң доза вакцинаны белекке берерин белгилеген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Ушул күндөрү өлкө боюнча калкты коронавирсука каршы массалык эмдөө акциясы жүрүп жатат. Эмделгендердин саны 6-сентябрга карата жалпысынан 1 млн.182 миңден ашты. Алардын 701 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алды. 970ден ашуун адам эмделди.
Азыркы тапта Кытайдын Sinopharm, Европанын AstraZeneca, Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен 18 жаштан жогорку кыргызстандыктар акысыз эмделип жатат.
Оставьте первый комментарий