«Кастыкты козуткан». ИИМ Орозайым Нарматовага кылмыш ишин козгоду

Сүрөт: Спутник кж

Ички иштер министрлиги «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаганы үчүн кармалган.

Министрликтин маалыматы боюнча, Нарматовага Кылмыш кодексинин 313-беренеси 1-бөлүмү ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айып коюлууда. Биринчи бөлүмдө «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса», — деп жазылган.

ИИМ белгилегендей, Орозайым Нарматова Москва шаарындагы «Мен макул эмесмин», «Менин укугум бар» аттуу коомдук кыймылдардын лидери жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү катары Орусияда чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүп келет. Ошондой эле маалыматта Нарматова иш-чараларда дайыма Кыргызстандын жарандарынын жана чет жактагы мигранттардын арасында нааразы маанайды күчөтүү үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигинин дарегине карата негизсиз сындарды айтып келери айтылат.

«Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн жокко чыгаруу жана тескери пикир жаратуу аракети жүрүп турат. Анын аракеттеринде аймактык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктар жана шарттарды жаратуу үчүн тескери коомдук маанайды түзүүнүн белгилери бар», — деп жазылган маалыматта.

Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Күч органдары «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы 10-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан кармашкан. Ал бир канча күн мурун Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келген. Бүгүн кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барганда тергөөчүлөр аны Бишкекке автоунаа менен алып кетишкен.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо