Сугат суу тартыш болду. Быйыл дан эгиндеринин түшүмү төмөн

Өлкөдө августка карата 536 миң тонна дан эгиндери жыйналды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 46,8 пайызга аз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында учурда жалпы эгиндин 66% аянты жыйналып бүткөн. Быйыл аномалдуу жогорку температуранын кесепетинен, сугат суу жетишпей түшүмдүүлүк төмөн болду.

 

Жалпысынан өлкөдө буудайдын дүң жыйымы — 45,5%, арпа — 55,2%, картошка — 10,1%,  бакча өсүмдүктөрү- 6,7%, мөмө -жемиштери — 6,5% жана жашылчанын дүң жыйымы — 2,4%  кыскарды.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо