550 миң доллар алган. УКМК БШКнын мүчөсүн кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү А.Э. кармалганын кабарлады. 

Маалыматка караганда, УКМКга БШКнын учурдагы мүчөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал комиссия мүчөсү «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, былтыркы жылдын июнь айында 550 миң доллар пара алганын айткан. Бул үчүн талапкер партиялык тизмеде алдыңкы бештикке кошулушу керек болчу. Бирок БШКнын мүчөсү берген убадасын аткарбай, ошол эле учурда талапкерге 300 миң гана долларын кайтарып берген. Калган 250 миң долларын бербей коюшкан.

УКМКнын кармалган адамдын аты-жөнүнүн баш тамгалары (А.Э.) менен берген. Ал эми А.Э. деген инициалдар менен Акылбек Эшимов мүчөлүк кылат. Демек, анын ысымына жана фамилиясына дал келүүдө.

Бүгүн, 11-сентябрь күнү БШК өкүлүнүн өзгөчө статусун эске алуу менен Башкы прокуратура анын кылмышка шектелип жаткандыгы боюнча билдирүү жөнөткөн. Шектүү Биринчи май райондук сотуна чакыртылып, тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Аталган факты боюнча КР Жазык кодексинин 204-беренесине («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши ачылды.

Акылбек Эшимов БШКга 30-июнда «Кыргызстан» фракциясынан мүчө болгон.

БШК мүчөлүгүнө КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев, «Республика — Ата Журттан» Кайрат Маматов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Тынчтык Шайназаров, «Бир болдон» Абдыжапар Бекматов жана «Ата Мекенден»Искендер Гайпкулов шайланган.

Ал эми президенттин квотасы боюнча Нуржан Шайлдабекова, Айдана Жупуева, Марс Наспеков, Акбалык Жумалиева, Нурлан Койчукеев, Анар Дубанбаева БШКнын мүчөсү болгон.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*