
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада өлкө боюнча бул инфекциядан үч киши каза болду. Ошентип, коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 575 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 75 адамдан табылды. Анын ичинен 38и Бишкекке, 13ү Чүйгө, бир учур Ош облусуна, Талас облусуна 4, Нарында 1, Ысык-Көл облусунда 11, Жалал-Абад облусунда төрт жана үч учур Баткенге туура келет. Ош шаарынан эч ким катталган эмес.
Ушуну менен өлкөдө бул оору менен 177 158 адам расмий катталды. Азыр ооруканада 1046 адам жатат, дагы 655 бейтап үйдөн дарыланууда.
Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 428ге жетти.
Оставьте первый комментарий