
23-августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп турган кезде Алмаз Мамбетов журналисттерге маалымат жыйын курду.
Биздин редакция анын жоопторун тизмектеп көрдү.
Мамбетов калаанын башкы планы боюнча суроого төмөнкүдөй жооп берген:
«Топосъемка арзан турган иш эмес. Мен сунуш киргиздим. Ген. планды борбордук тараптан баштап, бөлүк-бөлүк кылып жасап кете берсек болот. Борбордук бөлүктү топосъемка кылып алсак, түндүктөн түштүктү, батыштан чыгышты көздөй кетип бүтүрүшүбүз керек. Билген кишиге оор жумуш, көп каражатты талап кылат. Бишкектегидей үйлөрдүн салынышы да туура каралышы керек. Үйлөр генералдык планда кандай бекилсе ошондой салынышы керек».
Мамбетовдун планы Оштун генпланына каршы келет
2007-жылы башталган Ош шаарынын башкы планы 2016-жылы бекитилип, деталдык пландоо иштери былтыркы жылы аяктоо учурунда экени айтылган. Ошол учурдагы жергиликтүү бийлик биздин редакцияга жакын арада башкы план толугу менен бекитилиши мүмкүндүгүн билдиришкен. Иликтөөнү бул ссылкадан көрсөңүз болот.
Анда административдик аймак катары мэрия менен президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имараты жайгашкан аймак каралган. Калктуу конуш катары Сулайман-Тоонун айланасы эсептелген. Өндүрүштүк аймак катары Туран кичи району менен Жапалак айылынын жогору тарабы белгиленген. Ал эми жашыл аймак болуп Ак-Буура дарыясынын жээги менен тектоникалык жаракалар жайгашкан аймак калтырылган.
Башкы план бекитиле электе эле Ош мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү ишин баштаган. Генпланда аталган аймак жашыл аймак катары каралып, 50 метрге чейин курулуш курганга болбой турганы айтылган.
Ошол эле маалымат жыйында Алмаз Мамбетов мурдагы мэр Таалайбек Сарыбашовдун Ак-Буура долбоорун аягына чыгара турганын айткан.
Жыйынтык: Ош шаарынын башкы планы бекитүү үчүн 13 жыл иштер жүргөн. Деталдык пландоо бүтүп, шаардык кеңештин макулдугу эле калган.
- Ош шаарынын мэри айткандай топосъемка кылууга негиз жок;
- Деталдык пландоодо Алмаз Мамбетов бүтүрүүнү убада кылган Ак-Буура дарыясынын жээги жашыл аймакка кирет. Ага курулуш кылганга мүмкүн эмес.
Сулайман-Тоо жана көп кабаттуу үйлөр
Мамбетов Сулайман-Тоонун буфердик зонасы тууралуу да кеп козгогон. Анда ал «Буфердик зона Маданият министрлигинде ашыкча алынып кеткен» деп абдан көп ишкерлер чыгып суранып жатышат. Азайтышыбыз керек. Көп кабаттуу үйлөр салынып, көбөйүшү зарыл», — деген ал.
Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизилип, буфердик зонага алынган.
Сулайман-Тоо музей комплексинен бидиришкендей, тоонун негизги аянты 134,7 гектарды түзөт. Анын 116 гектары баалуу мурастар тизмесине кирген. Ал эми мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан мамлекеттик акт 2018-жылы 79 гектар жерге берилген. ЮНЕСКО бийик имарат куруугу тыюу салган аянт 3 800 гектарды түзөт. Бул боюнча Юнесконун сайтындагы маалыматтан, картадан көрүүгө болот.
Ал эми Юнеского киргизүү иштерин ошол убакта маданият министрлиги менен жергиликтүү жана жогорку бийлик өкүлдөрү биргеликте жүргүзүшкөн.
Жыйынтык: Сулайман Тоонун буфердик жана корук аймактарына курулуш иштерин жүргүзүүгө болот. Бирок ал тоону тоспошу керек же төрт кабаттан ашпоосу кажет. Ал эми Мамбетов «Көп кабаттуу үйлөрдү курабыз» деп убада берди.
Оставьте первый комментарий