Айзаданын өлүмү: күнөлүүлөргө сот өкүмү чыкты

Интернеттен алынган сүрөт

14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованын өлүмүнө айыптууларды соттоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Айзаданы уурдоого катышкан беш киши тең күнөлүү деп таанылып, Замирбек Раманкулов менен Кубаныч Токон уулу алты жыл алты айга кесилишти. Мындан тышкары Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов жана Сыймык Молдосариев 7 жылдан эркинен ажыратылды.

Сот айыпталуучуларды Айзаданын үй-бүлөсүнө материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Айзаданын өлүмү

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп унаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:30 чамасында берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу беш адам кармалган.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сын-дооматты күчөтүп, Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек ШИИБнин башчысы Бакыт Матмусаев орун басарлары менен, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Казакеев жана башка 12 жетекчи кызматтан алынган. 32 кызматкерге түрдүү тартип жазалары берилген.

Кыргызстанда кыз уурдоого байланыштуу кандуу окуя буга чейин да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо