Баткенде миңге чукул мектеп окуучулары чет тилдерин заманбап шарттарда окушат

Баткен облусунда окуучулардын англис тилин үйрөнүүсү менен лидерлик сапаттарын жогорулатуу максатында окуу класстар заманбап шарртар менен жасалгаланды. Ачылышы эртең 15-сентябрда болот. 

Мектеп класстарында ремонт иштери жүргүзүлүп, заманбап жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыз болду.

“Бул шарттар айыл жаштары мектеп кезинде келечектеги чоң мүмкүнчүлүктөрүн таанып билип, чоң максаттарды алдына койууга арналып түзүлдү. Келечекте бир гана эмгек миграциясы менен чет жакка кетпестен, илим-билим үчүн жана жалпы дүйнө жүзүндө ийгилик жарата ала турганы үчүн бул демилге ишке ашып жатат” — деди Оштогу «Эл аралык коргоосуна көмөктөшүү борборунун» жетекчиси Акылбек Ташбулатов.

Мындан сырткары окуучулар мектептиринин жана айылдарынын өнүгүүсүндө катышууну да үйрөнүшөт. Аны үчүн, алар Оштун алдыңкы жаштар борборлорунда тажрыйба топтошот. Жана ошондой эле өз мектептеринде чакан борборчолорду түзүп, тең-туштары менен иш-чараларды алпарышат.

“Ар бир мектепте окуучулар лилерлик сапаттарын, командада иштөөнү да үйрөнгөнү шарт түзүлөт. Алар өздөрү ар тармакта лидерлерин шайлашат. Бул мектептин гана эмес, дээгеле жергиликтүү айыл деңгээлинде да жаштардын катышуусу менен ийгиликтерди жаратууга артыкчылык мүмкүнчүлүк”, — дейт Акылбек Ташбулатов.

Окуу класстар тапшырылгандан соң, ар бир мектепке чыгаан программист, эл аралык ири компанияларда алгылыктуу эмгектенген, жогорку билимди дүйнө жүзүндө таанымал университеттерин ийгиликтүү аяктаган Кыргызстан жаштары менен жолугуушулар да өткөнү турат. Алар өз тажырыйбасы, басып өткөн жолу менен айылдагы жаштарды бийик максаттарды койууга шыктандырышат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5845 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо