Бир мандаттуу шайлоо үчүн айыл райондор 36 округга бириктирилди. Карта

11-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек арасын тааныштырды. Эл өкүлдөрүн мажоритардык система менен шойлоо үчүн жети облус 36 округга бөлүнгөн. Бул аймактарда өзүн-өзү көрсөтүп, эң көп добуш алган бирден талапкерлер депутат болот. 

Боршайкомдун маалыматында шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзүп, өз ара чектешпегендер округдарга бириккен эмес.

Ар бир округ 80 миңден 120 миңге чейинки шайлоочулардан турат. БШК буга чейин округдардын санын облустар боюнча бөлүштүргөн. Ага ылайык:

  • Бишкек шаарында — 4;
  • Ош шаары жана Ош олбусуна — 9;
  • Баткенге —  4;
  • Жалал-Абадка — 7;
  • Таласка — 2;
  • Чүйгө — 6;
  • Нарынга — 2;
  • Ысык — Көлгө — 3 мандат берилмей болгон.

Анын негизинде облустарда шайлоочулардын санына карап 36 округ түзүлдү. Төмөнкү картада шайлоо аймактары көрсөтүлгөн. Анын сол жагында аймактардын тизмеси бар. Ар бир округду тизмеден тандасаңыз, аларга бириктирилген аймактар чыгат.

Борбордук шайлоо комиссиясы округдарын түзүү үчүн калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык берилген маалыматтарга негизденгенин кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда жаңы мыйзам боюнча 54 депутат партиялык, 36 эл өкүлү мажоритардык система менен шайланат. Чет өлкөдөгү мекендештер бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге добуш бере албайт. Алар партиялык шайлоого гана катышат.

Аралаш система менен шайлоодо жарандар эки бюллетень менен добуш берет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*