
Адистер коронавирустун «мю» штаммы антителону буйтап өтө ала турганын айтышууда. Бул тууралуу спутник агенттиги 6-сентябрда «РИА Новости» басылмасына шилтеме берип жарыялады.
Биздин редакция бул маалыматты текшерип көрдү. «РИА Новости» материалында булак катары CBS телеканалын көрсөткөн.
Анда АКШнын башкы инфекционисти Энтони Фаучи коронавирустун жаңы «мю» штаммы адистердин тынчын алып жатканын билдирген.
Мындан сырткары, АКШда башка штамм үстөмдүк кылып жаткандыктан «мю» штаммынын «өнөрүн» көрө электигин кошумчалаган.
Август айынын аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ага жакшылап көңүл буруу керектигин билдирген.
Уюм COVID-19нын бул варианты «иммундук качууга», башкача айтканда, вакциналарга каршылык көрсөтүүгө жөндөмдүү мутацияга ээ экенин белгилейт.
«VOI топторунун штаммдары SARS-CoV-2нин варианттары экени такталды. Алар «вирустун инфекциялык, оорунун оордугу, диагноз коюудан жана иммунитетке кабылуудан сактануу жөндөмүнө таасир этүүчү генетикалык өзгөрүүлөргө ээ. Башка нерселер менен бирге, сүрөттөлгөн варианттар инфекциялардын санынын олуттуу өсүшү менен ар кандай жамааттарда инфекциянын масштабдуу жайылышына алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
2021-жылдын январь айында Колумбияда табылган коронавирустун «мю» деген B.1.621 вариантын алгачкы изилдөөлөрдө антителого туруштук бере алышы мүмкүндүгү белгиленген. Бирок ишенимдүү тыянак чыккан эмес.
Жыйынтык: Изилдөөдө коронавирустун «мю» варианты Pfizer–BioNTech менен эмделген адамдарга жугуусу төмөн болоору айтылган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму баса белгилегендей, «мю» штаммынын өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүү үчүн мындан аркы клиникалык изилдөөлөр керек.
Оставьте первый комментарий