Ош: жаңы окуу жылында канча мектеп пайдаланууга берилет?

Иллюстративдик сүрөт

 Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы (УКС) курулушу толугу менен аяктаган мектептер жана бала бакчалар сентябрдын аягында толук пайдаланууга берилерин билдирди. 

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, жаңы окуу жылына жалпы жети мектеп, бир спорт зал жана үч бала бакчанын курулушу бүтөт. Алар:

  • Алай районунун Коммунизм айылындагы 150 орундуу №22 С.Төрөшов атындагы мектеп;
  • Аравандагы Юсупова айылындагы 60 орундуу бала бакча;
  • Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылындагы 225 орундуу мектеп;
  • Кара-Кулжа, Капчыгай айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылындагы 60 орундуу бала бакча;
  • Кара-Суу районуна караштуу Ак-терек айылындагы 100 орундуу Ак-Терек атындагы мектеп;
  • Кара-Суудагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Жарооз айылындагы С.Жусуев атындагы мектептин спорт залы;
  • Кара-Суу районунун Каратай айылындагы 275 орундуу Султанов атындагы мектеп;
  • Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Кең-Сай айылындагы 375 орундуу мектеп;
  • Ноокат районунун Жаш айылындагы 275 орундуу мектеп;
  •  Өзгөн шаарындагы 100 орундуу Ч. Айтматов атындагы бала бакча;
  • Өзгөн районундагы Көлдүк айыл өкмөтүнүн Шамалды-Терек айылындагы 375 орундуу Р.Коңкошев атындагы мектеп.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы мектептер онлайн билим берүүгө өткөн. Бир жылдан кийин жарым-жартылай ачылып, быйыл 15-сентябрдан толук ачылганы турат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо