Ошто пара алууга шектелип эки мугалим кармалды

Ош шаарында пара алууга шектелип эки мугалим кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун 46 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Баласын окууга өткөрүү үчүн Ош мамлекеттик университетинин мугалими 1200 доллар талап кылган. Жыйынтыгында аталган окуу жайдын Ө.А. аттуу мугалими  40 000 сом алып жаткан учурда кармалып,  тергөөдө акча сураганын ырастаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ушундай эле факты менен Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектебинин мугалими У.И да кармалды. Ал баласын мектепке өткөрүү үчүн барган энеден 2000 сом акча талап кылган. Кармалган учурда аталган сумма шектүүнүн жанынан чыккан. Ал учурда үй камагына чыгарылып, тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо