Оштогу Бабур театрын оңдоо иштери башталды. Каражатты Өзбекстан бөлөт

Театрдын толук долбоору

Оштогу Бабур атындагы академиялык музыкалык-драма театрын толук реконструкциялоо иши башталды. Шаардык мэрия тараткан маалыматка ылайык, оңдоо иштерине жалпысынан 5 миллион долларлык каражат сарпталат.

Реконструкциялоо иштери 2022-жылдын башында жыйынтыкталат.

Имаратты толук оңдоодон өткөрүү иштери театрдын 100 жылдыгына байланыштуу болууда. Каржыны Өзбекстан бөлүп берет.  Мындай макулдашуу президент Садыр Жапаровдун быйыл жазында Ташкентке болгон сапары учурунда кабыл алынган.

Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Театр 1918-жылы ачылып, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо