Депутат Жанар Акаев суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жардамчысы Тилек Нурбеков жазып чыкты.

Ал ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына бүгүн саат 17:30га суракка чакырылганы жазылган. Мындан тышкары, депутат айтылган убакытта бара турганы да айтылган.

Кечээ, социалдык тармактарда айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Жанар Акаевдин да ысымы аталган болчу.

Бүгүн, саясатчы видео кайрылуу жасап, бийликти басып алуу боюнча эч ким менен сүйлөшпөгөнүн билдирген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5845 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо