Билимге ташталган биринчи кадам
Көксөткөн окуу жылы башталды
Бүгүн, 15-сентябрь Кыргызстанда пандемиядан улам кечиктирилип башталган билим күнү белгиленип жатат. Биз дээрлик бир жыл мектепти көрбөгөн окуучулардын кубанычын, окуу жай босогосун жаңы аттап жаткан бөбөктөрдүн эмоциясын, окуучу менен студентке толгон Оштун көчөлөрүн сүрөткө түшүрүп келдик.

Ош шаары пандемиядан бери студентсиз көчөлөр, бош маршруткага көнүп калган эле. Бүгүн окуу жылынын башталганы таң эрте менен маршрут күтүп мектепке шашкан, энесинин колунан жетелеп гүл көтөргөн окуучулардан билинди.
Мектептерде салтка айланган биринчи коңгуроо саат 9дар чамасында башталды. Мэриянын маалыматы боюнча Ош шаарында электрондук каттоо менен 7 000ден ашуун окуучу 1-класска кабыл алынган.
Мындан ары, Кыргызстанда биринчи коңгуроо 15-сентябрда кагылат. Бул чечим өкмөт тарабынан кабыл алынган. Окуу жылы быйыл биринчи жолу эки жума кечиктирилип ачылып жатат.
Салтанаттан кийин да, мектеп алдында ойногон ак көйнөкчөн өспүрүмдөр салттуу окуу жылынын башталганын эске салып турду. Имарат сыртында окуу жадыбалын карап, ата-энелер балдарынын эртеңки сабагынын даярдыгын пландап жаткандай.
Ошондой эле бүгүн, жогорку окуу жайларында да сабактар салттуу режимде башталды. Жер-жерлерден билимди көксөп келген студенттер кошулуп, шаар бир топ жанданып калды.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу билим берүү жайлары 2020-жылы март айында жабылган. Кийин окуу процесси бирде онлайн, бирде оффлайн өтүп жатты.

Өлкөдө жалпы 2200 мектепте бир миллиондон ашуун окуучу бар. Ош шаарында 81 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт, анын 55и мамлекеттик жана 26сы жеке менчик. Калаада 3 277 мугалим эмгектенет.
Автор
Наргиза Анарбай кызы