Ош АШКнын мурдагы мүчөлөрү БШКнын токтомуна нааразычылыгын билдиришүүдө. Видео

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мурдагы курамынын мүчөлөрү борбордук шайлоо комиссиясынын аларды таратуу боюнча токтомуна нааразычылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралуу алар бүгүн, 15-сентябрда курган маалымат жыйынында билдиришти.

Ош АШКнын мурдагы мүчөсү Азамат Эркиновдун маалымат жыйында билдиргенине караганда, БШК алардын бир нече жолку кайрылууларына жооп берген эмес. Курамдын 11-июлда өткөн шайлоодон кийин чыгарган чечимдери да бурмаланып кеткен.

«Бир эле мисал, 11-июлда болуп өткөн шайлоодон кийин Хожоакбар Исмаилов деген адамга биз бузуулар кодексинин негизинде айып пул салганбыз. Бирок БШКнын 26-июлдагы отчетунда биздин бул чечим эскертүү берилсин дегенге алмашып калыптыр. Биз анын видеодон көргөндөн кийин шек жаралып карасак, биздин чечимдин үстүнө экинчи чечим тиркелиптир. Төрага Урмат Аттокуровго айттык. Ал болсо чечимди жыртып салды. Ош шаардык прокуратурасына, БШКга чечимдер өзгөрүп жатканы, аны ким кылып жатканы боюнча бир нече жолу кайрылдык.Төрагага ишенбестик көрсөткөнбүз. Биздин ошончо чыгарган чечимдерибиз, мээнетибиз текке кетти. Кайрылууларыбызга жооп болбой эле 9-сентябрда таратып жиберишти», — дейт Азамат Эркинов.

Мындан сырткары, Ош АШКсынын таратылышы боюнча чыккан чечим негизсиз деп эсептешүүдө. Алар кошумчалагандай, БШК эки гана фактыны келтирип жатат.

«Биз баардык далилдерибизди жибердик. Алдын ала да маалымат бергенбиз. БШК териштирүү иштерин жүргүзбөстөн бизди таратып жиберди».

Ал эми бул боюнча БШКга маалымат бере элек.

Эске салсак, борбордук шайлоо комиссиясы 9-сентябрда Ош АШКсын тараткан.

Ага партиялардагы 30 пайыз гендердик квотанын сакталбаганы жана саясий партиялар менен түшүндүрүү иштерин алып барылбаганы себеп болгонун айтышкан. 

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо