Ош: Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кызматтан кетти

Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын (УКС) башчысы Шүкүрали Мадаминов берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын басма сөз катчысы Замира Ниязбекова билдирди.

Мадаминов кызматтан кетүү боюнча арызды 13-сентябрда жазган.

Калаа мэри Алмаз Мамбетовдун 15-сентябрдагы буйругуна ылайык, аталган мекемеге Эмилбек Абласанов жетекчи болуп дайындалды.

Эмилбек Абласанов

50 жаштагы Абласанов Жалал-Абаддын Масы айылынан болот. Эмгек жолун Кара-Үнкүр көчмө механикалык колоннасыда курулуш участкасынын мастери болуп баштаган. Социалдык фонддун Ноокен райондук бөлүмүндө, Финансы министрлигинин алдындагы экономикалык өнүгүү мамлекеттик фондунда, Ноокен райондук мамлекеттик админстрациясында, Соцфонддун Базар-Коргон райондук бөлүмүндө, президенттин иш башкармалыгынын курулуш департаментинде жана жеке курулуш компанияда иштеген. Акыркы учурларда президенттин иш башкармалыгынын капиталдык курулуш бөлүмүндө башчылык кызматты аркалаган.

Дос-тууганды байыткан тендер миллиондору

7-сентябрда TMG телеканалы  менен «Али Токтакунов МедиаХабы» Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгындагы (УКС) ыктымал коррупция тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда мекемени беш жылдан бери жетектеп келген Шүкүрали Мадаминов өткөргөн 300 тендердин 100үн анын жакындарына таандык компаниялар утканы аныкталган.

Мисалы, эки тендерди Шүкүрали Мадаминов өзү ээлик кылган, уулу башкарган «Долбоор» ачык акционердик коому уткан. Ошондой эле, убагында Мадаминовдун бир тууганы жана аялы тең укуктуу ээлик кылган «Тогуз-Булак» ЖЧКсы бир тендер уткан. Бир тууган эжесинин келини ээлик кылган «Маклер-Фетва» компаниясы 32 миллион сомдук тогуз тендерде жеңүүчү болгон. Бул — Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын 6-беренесине түздөн-түз каршы келет.

Мындан тышкары тендерлерге катышкан 19 компания бир дарекке катталганы ачыкталган. Ошондой эле, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси тендерде сунушталган сумманын 10% өзү алып коёру жөнүндө да сөз болгон. Бирок бул маалыматты Мадаминов четке каккан.

Шүкүрали Мадаминов бул кызматка 2016-жылдын 15-июнунда дайындалган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо