
Баткен облустук прокуратурасы аймакта социалдык объектилердин курулушунда мамлекетке 38 млн сомдон ашык зыян келтирген фактыны аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 15-августта кабарлды.
Прокуротуранын маалыматында Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тендерлердин шарттарын бузуу менен алты социалдык объекти боюнча (мектеп, бала бакчалар) аткарылбаган иштерге жана бүткөрүлбөгөн курулуштарга 38 млн 114 миң 608 сомду жеке жактарга мыйзамсыз которгон. Мындан улам мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Баткен районунун Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушуна — 10 млн 695 миң 273 сом, Үч-Дөбөдөгү бала бакчанын курулушуна — 3 млн 761 миң 660 сом, ушул эле айылдагы айылдагы орто мектептин курулушуна — 8 млн 678 миң 267 сом жана Сай айылындагы мектептин курулушуна — 5 млн 160 миң 94 сомду аткарылбаган иштерге мыйзамсыз чыгыштаган.
Мындан сырткары Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жайгашкан орто мектептин капиталдык оңдоосуна -3 млн 666 миң 267 сом, Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна — 6 млн 153 миң 47 сом да мыйзамсыз которулган.
Факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реесетерине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Оставьте первый комментарий