Жанар Акаев: бизди опузалап коёбуз деген аракет ишке ашпайт

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн аты аталып жаткан аудио жөнүндө кайрылуу жасады. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына жүктөгөн видеокайрылуусунда бийликти басып алуу боюнча эч ким менен сүйлөшпөгөнүн айтат.

«Эки күндөн бери интернетте «Кайсы бир саясий күчтөр бийликти күч менен басып алууга камынууда» деген жалган, эч бир далили жок троллдордун фабрикасы даярдаган аудио тарап жатат. Анын ичинде менин да атым аталыптыр. Курсан Асанов менен бир бейтааныш бирөө көчөдөбү же кафедеби сүйлөшүп, анын ичинде Жанар деген сөзду эмптеп алып келип чаптап, элди ишендирип калп маалымат таратканы өкүндүрөт. Анткени жалган, мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып бул нормага айланып баратканы абдан кейиштүү. Экинчиден, күлкүлүү. Көчөдө саясатчылар сүйлөшүп, ошонун арты менен айып тагабыз деген сапатсыз видеого 1-класстын окуучусу да ишенбейт. Мен эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен да бийликти күч менен басып алабыз, массалык баш-аламандык уюштурабыз деп эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин. Экинчиден, Курсан Асанов менен жаңылбасам февраль айларында куран окутууда жолуксам керек эле. Андан бери ага телефон да чалган да эмесмин же бир жолугуп кандайдыр бир шайлоо, саясий максаттарды сүйлөшкөн эмесмин. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек? Мен өзүм бийликтин бир бутагында отурам. Таң калычтуу акылга сыйбаган нерсе. Ошондуктан бизди опузалап коебуз деген аракет ишке ашпайт. Биз мындай окуялардан бир гана курчуйбуз”, — деди Акаев.

Социалдык тармактарда айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап жатат. Анда Жанар Акаевдин да ысымы аталган.

14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен айыпталып, кармалган. Ошол эле күнү ИИМдин басма сөз кызматы Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен кармалганын маалымдаган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5845 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо