Жанар Акаев суракка чакырылышын шайлоого байланыштырды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ички иштер министрлигине сурак берип чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал суракка чакырылышын негизсиз деп атады. 

Акаев бийликти күч менен басып алуу жана маданият кызматкерлеринин кайрылуусундагы ар кандай идеяларды берип элди митингге үндөгөн деген маалыматтардын баарын четке какты.

Эл өкүлү мындан сырткары ИИМге суракка чакырылышы парламенттик шайлоого да байланышы бар экенин белгиледи. Анткени Түрмөнстандагы жүгүнүп турган депутаттарды каалагандар дагы жок эмес деп билдирди.

«Парламентке даярданып жаткан саясий партиялардын курамын мен болжолдуу билем. Азыркы 6-чакырылышты албетте сабатсыз, чимкирик жана туура сөздү айта албайт деп баалашат. Бирок кийинки парламент мындан дагы начар, мындан дагы Түркмөнстандагы жүгүнүп турган депутаттарды каалагандар дагы жок эмес. Ошон үчүн мен бир ойдон алысмын бизге кылмыш ишин козгоп сот иштерине байланыштуу шайлоого катыштырбоо аракети болбойт деп ишенем»,- деди Акаев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депуттары Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов жана саясатчы Акматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков дагы сурак берип чыкты.

Мындан сырткары  Чүй облусунун мурдагы башчысы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов да ИИМге жеткирилди.

Ал эми ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн» деген шек менен камалды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо