Жети аккаунт, бир сүрөт: «фейк-фабрикаларды» текшеребиз

Социалдык тармактардагы фейктер – бул башка бирөөлөрдүн сүрөтүн пайдаланган колдонуучулар. Factcheck.kg Facebook социалдык тармагындагы саясий партиялардын баракчаларында иш алып барган 1500 аккаунтту изилдеп көрүп, учурда фейк-фабрикалар дагы деле актуалдуу экенине ынанды. Эми бул фейктерди кантип аныктаса болорун окурман менен бөлүшөлү.

Фейктер

Алия Эркинова. Бир караганда кадимки чыныгы колдонуучудай элес калтырат. Ал Ош шаарынан экенин, бирок учурда Бишкекте жашарын белгилеген, анан калса окуган жерин да көрсөткөн. Дайыма пост жазып турат. Бирок, бул кадимки фейк. Чыныгы адамга окшошуу амалын издеп, өзү жөнүндө маалымат жазган, башка бирөөгө таандык сүрөттөрдү алып, face app программасы  аркылуу өзгөртүп койгон.

Башкача айтканда эки башка чыныгы адамдын сүрөтүн алып, андан жасалма сүрөт пайда кылган.

Мисалы, бул кореялык белгилүү сүрөт. Болжол менен 2014-жылы пайда болгон. Бирок нукура сүрөт менен салыштырсак, бир нече айырмачылыктарды көрө алабыз.

Бул аккаунттун баракчасында болгону 4 сүрөттөн анын жүзүн көрсө болот. Анын ичинен үч сүрөт face app тиркемесинин жардамы менен өзгөртүлгөнүн көрсө болот.  Ал Айсулуу Тыныбекованын сүрөтүн өзгөртүүсүз калтырган, себеби аны башка колдонуучулар дароо таанымак.

Ильгиз Капаров – бул саясий фейк аккаунт. Анын баракчасында болгону эки гана сүрөт бар.

Search4Face тиркемесинин жардамы менен биз бир эле аватарды колдонгон 6 аккаунтту таба алдык.

Чынында сүрөт Булат Бальжинимаев деген адамга таандык. Биз Булат менен байланышып, башка аккаунттар тууралуу сураганыбызда, алар менен эч кандай байланышы жок экенин билдирди. Булаттын Instagram баракчасындагы лентасына көз чаптырып, биз издеген жана фейк аккаунттар колдонгон сүрөттү таптык.

Экинчи сүрөттү дагы Search4Face трикемесинин жардамы менен текшерип көрүп, аны да бир нече фейк аккаунт колдонорун аныктадык.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо