
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Ички иштер министрлигине сурак берип чыкты.
«Эч кандай далил аргумент жок. Кайрылуунун негизинде гана сурак алып коёлу деген чакырышыптыр. Шайлоо алдында командаларды алсыздаштыруу сыктуу түшүнүк болуп жатат окшойт. Мен тиешем жок болгондон кийин чакырганга негиз жок эле да»,- деди Сулайманов.
Эл өкүлү суракка президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусунан улам чакырылганын кошумчалады.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов да ИИМде сурак берип чыккан. Ошондой эле депутат Жанар Акаев милицияга сурак бергени кирген.
Ал эми ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн» деген шек менен камалды.
Оставьте первый комментарий