Ошто айрым шайлоо округдардын чек аралары өзгөрдү. Карта

Ош шаары. Архив сүрөт

БШК Ош шаарындагы жана Ош облусундагы бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары өзгөргөнүн билдирди. Мындай чечим талаштуу маселелерди жөнгө салуу максатында кабыл алынган.

Ага ылайык, Ноокат районунда мурда бир эле шайлоо округу болсо, эми  экөө түзүлдү. Ал эми Ош шаарындагы эки округдун бирөө гана калтырып, калаадагы шайлоочулардын жарымы Кара-Суу районунун Төлөйкөн шайлоо округуна кошулуп калды.

Төмөндө шайлоо округдардын чек арасын картага чогулттук. Картанын сол тарабын басканда округдардын тизмеси чыгат. Өзүңүзгө тиешелүү округду тандап бассаңыз, ага бириктирилген айыл жана райондордун аттары чыгат.

Кыргызстанда паралменттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Партиялык система менен өтчү шайлоого жалпы 75 партия арыз берген. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирмеси 13-октябрга чейин кабыл алынат. Алар саясий партиялардан да, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да шайлоого катыша алышат.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо