
Бүгүн, 17-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында чек арачылар тарабынан оор жүк ташуучу унаалар кармалды. Алардын айдоочулары качууга аракет кылып, аскер кызматкерлери тарабынан абага эскертүү огу чыгарылды.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, Лейлектин Майты аймагында Mercedes жана MAN оор жүк ташуучу унааларын кармалган.
«Айдоочулар унаалардын кыймылын токтотпой, уланта бергенден кийин дөңгөлөктөргө ок атууга аргасыз болушкан. Андан кийин унаалар токтогон. Алар Кыргызстандан Тажикстанга 15 тонна көмүрдү уруксат документтери жок алып кетүүгө аракет кылышкан», — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочулар жүктөрү менен кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Оставьте первый комментарий