
Кронавируска каршы республикалык штабдын бүгүн, 18-сентябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен үч адам каза болуп, 86 жаңы учуру катталды.
Бишкекте — 54, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 0, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда — 0 жаңы учур катталды.
Илдетти жуктуруп алгандардын саны расмий түрдө 177 653 жетсе, 172 111и айыгып чыкты. Ал эми каза болгондор 2586 адам.
Учурда стационарда 586 жана амбулатордук түрдө 900 адам дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий